Бишкек, 2025-жылдын 24-февраль айында — Кыргыз Аккредитациялоо Борбору (КАБ) Азия-Тынч океан Аккредитациялоо кызматташуусу (APAC) тарабынан жүргүзүлгөн кайра баалоо процесси ийгиликтүү аяктагандыгын маалымдайт. 2025-жылдын 17-21-февраль аралыгында оффлайн форматында өткөрүлүп, APAC баалоочу тобунун курамы Малайзия, Вьетнам, Кытай жана Америка Кошмо Штаттарынын аккредитациялык органдарынын баалоочулары кирди.
КАБ өзүнүн жогорку стандарттарга жана аккредитациялык кызматтардын сапатына болгон берилгендигин тастыктап, APAC тарабынан кайра баалоодон экинчи жолу ийгиликтүү өттү. Мындан мурда, КАБ 2013 жана 2018-жылдары ILAC алкагында сыноо жана калибровка боюнча баалоодон өткөн.
КАБ 2022-жылы ISO/IEC 17025 стандарты боюнча сыноо жана калибрлөө лабораторияларын аккредитациялоону, ISO/IEC 17020 стандарты боюнча инспекция органдарын аккредитациялоону жана ISO/IEC 17065 стандарты боюнча продукцияларды, процесстерди жана кызматтарды сертификациялоо органдарын аккредитациялоону жүргүзүү боюнча компетенттүүлүгүн APAC алкагында кайрадан тастыктады.
IAF Генералдык Ассамблеясынын 37-сессиясында, ILAC Генералдык Ассамблеясынын 27-сессиясында жана эки уюмдун 21- биргелешкен Генералдык Ассамблеясында Кыргыз Республикасы расмий түрдө IAF мүчөсү деп жарыяланган жана меморандумга кол коюлуп, IAF мүчөлүгүнө кошулгандыгын билдирген.
APAC тарабынан кайра баалоодон ийгиликтүү өтүү КАБдун компетенттүүлүгүн жана профессионалдуулугун тастыктайт, ошондой эле эл аралык деңгээлде аккредитациялык кызматтардын жогорку сапатын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Бул жетишкендик КАБ тарабынан жүргүзүлгөн аккредитациянын жыйынтыктарына болгон ишенимди бекемдөөгө жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө салым кошот.
КАБ кайра баалоо процесине катышкан бардык катышуучуларга, анын ичинде APAC баалоочу тобуна, техникалык адистерге жана баалоочуларга, ошондой эле КАБдун бардык кызматкерлерине ишке берилген аракеттери үчүн ыраазычылык билдирет.
Кыргызский Центр Аккредитации успешно прошел переоценку APAC
Бишкек, 24 февраля 2025 года — Кыргызский Центр Аккредитации (КЦА) рад сообщить об успешном прохождении процесса переоценки Азиатско-Тихоокеанское сотрудничество в области аккредитации (APAC). Переоценка проходила с 17 по 21 февраля 2025 года в офф-лайн формате, в состав оценочной группы APAC вошли оценщики Малазийского, Вьетнамского, Китайского и Американского органов аккредитации.
КЦА подтверждает свою приверженность высоким стандартам и качеству аккредитационных услуг, успешно проходя переоценку APAC во второй раз. Ранее КЦА прошел оценку в области испытаний и калибровки с в 2013 и 2018 годах в рамках ILAC.
В 2022 году КЦА в очередной раз подтвердил свое признание в части аккредитации испытательных и калибровочных лаборатории по стандарту ISO/IEC 17025, а также подтвердил компетентность проводить аккредитацию органов инспекции по стандарту ISO/IEC 17020 и органов сертификации продукции, процессов и услуг по стандарту ISO/IEC 17065 в рамках APAC.
На 37-й сессии Генеральной Ассамблеи IAF, 27-й Генеральной Ассамблеи ILAC и 21-й совместной Генеральной Ассамблеи обеих организаций КЦА от лица Кыргызской Республики была официально объявлена участником IAF и получила сертификат IAF о присоединении в членство с подписанием меморандума о взаимном признании.
Успешное прохождение переоценки со стороны APAC подтверждает компетентность и профессионализм КЦА, а также его способность обеспечивать высокое качество аккредитационных услуг признаваемое на международном уровне. Это достижение способствует укреплению доверия к результатам аккредитации, проводимой КЦА, и поддержке развития экономики Кыргызстана.
КЦА выражает благодарность всем участникам процесса переоценки, включая оценочную группу APAC, технических экспертов и оценщиков, а также всех сотрудников КЦА за их усилия и преданность делу.